www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президенттеринин экинчи жыйынын алкагында өттү.
Анда МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.
Ошондой эле ал, Кыргыз Республикасы Азербайжан Республикасы менен бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын билдирди.
“Бүгүнкү жолугушуу өлкөлөрүбүздүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон умтулуусун тастыктап жатканын канааттануу менен белгилейм” - деген ал, соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор мындан ары да эки өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.