www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адвокат Шарабидин Токтосунов экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана мурдагы судья Анар Дубанбаеваны камакка алуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданды. Бул тууралуу ЖМКлар жазып чыкты.

Райондук сот 5-мартка караган түнү «бийликти басып алууга аракеттенген» деп шек саналып жаткан Осмоналиев менен Дубанбаеваны 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө жайына камакка алуу чечимин чыгарган.
Осмоналиев 2-мартта Бишкекте Садыр Жапаровду колдоо боюнча митингди алып барган. Дубанбаева «митингге катышуу үчүн Ысык-Көлдөн Бишкекке 200 киши жөнөткөн» деп айыпталып жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости