www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин жетекчиси Кудайберген Базарбаев Нарын облусундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, анда Базарбаев өлкөдө алгачкылардан болуп административдик-аймактык реформа Нарын облусунда аяктаганын белгилеп, муну “тарыхый иш” деп атады. Аймактык реформанын жыйынтыгында түзүлгөн 27 айыл өкмөтүнө жана 27 айылдык кеңешке юридикалык аталышы жазылган бирдей типтеги такталар тапшырылды.

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорунда жана Баткен, Сүлүктү шаарларында административдик-аймактык реформаны жүргүзүү мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо аяктаганга чейин токтотулуп турат.

2023-жылы Ысык-Көл облусунун Түп району менен Нарын облусунун аймагында административдик-аймактык реформанын пилоттук долбоору ишке ашырылып баштаган.

Кыргыз Республикасынын учурдагы административдик-аймактык түзүлүшү башкаруунун төрт баскычтуу системасына негизделген: республикалык, облустук, райондук жана айыл аймактары менен шаарлар. Өлкөнүн административдик-аймактык бирдиктери 7 облустан, 40 райондон, 32 шаардан, анын ичинде эки республикалык маанидеги шаардан жана 452 айыл аймагынан турат.

Республика боюнча 452 айыл аймагынан 62 айыл аймагы бирден гана айылдан турат, аларда калктын саны 148ден 10 870 адамга чейин жетет. Ошол эле учурда өлкөнүн айрым райондорунда курамына он жана андан ашык айыл кирген айыл аймактары бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости