www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам өлтүрүүгө шектүү жаран изделүүдө

Бишкек шаарында катталган адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 3-октябрына караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районунун Ак-Ордо жаңы конушунун Ынтымак көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлиги тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Көзөмөл камераларынан алынган видео жазууларда кылмышка шектүү жаран түшүп калган. Окуя болгон жерден шектүүгө таандык баш кийим - кепка (сүрөттө) табылып алынган.

Урматтуу жарандар! Эгерде сүрөттөгү адамды таанып же анын жүргөн жери жөнүндө маалымат билсеңиздер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: 0 772 144 239, 0 556 848 080, 102.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги маалымат берген адамдардын жеке коопсуздугу жана купуялуулук толук сакталат. Тергөөгө көмөктөшкөн жарандар үчүн сый акы каралган.

Маркумдардын туугандары бул иштин кандайдыр бир жагдайларын жарыялоо каршы экенин эске алып, кошумча маалымат берүүдөн баш тартабыз. Тергөө иштери толук аяктап, шектүү жаран кармалгандан кийин, коомчулукка расмий маалымат берилет.

 

 

 

 

 

 

Последние новости