www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков белгилегендей, мыйзам долбоору адал индустрия жаатындагы ченемдерди белгилөө жана өркүндөтүү максатында иштелип чыкканын билдирди.
Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева ветеринария тармагындагы адистерди даярдоо, аларды ветеринардык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан кесиптерге окутууга кызыктыруу маселесин көтөрдү.
Ал эми эл өкүлү Кубанычбек Самаков өлкөдөгү эпизоотиялык абалдын начарлашына тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарды алдын алуу иш-чараларына жана үй жаныбарларын өз убагында эмдөөгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Депутат Улугбек Ормонов агрардык сектор өлкө экономикасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, ветеринардык дары-дармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.