www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров: Соттун өкүмүнө даттанууга убакыт бар

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров абактан чыкты. Аны УКМКнын алдынан тарапташтары тосуп алышты.

Саясатчы райондук соттун чечими менен макул эместигин билдирип, ага каршы иш мандатынан айрылтуу үчүн козголгонун белгиледи.

«Соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин бир айдын ичинде даттанууга болот. Мен бүгүн чыгып жатам. Бизде дагы убакыт бар», — деп айтты ал.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматовдун айтымында, мандатка байланыштуу маселе көпчүлүк добуш менен чечилет.

«Конституцияда соттун өкүмү депутаттын мандатын карап чыгууга негиз болору айтылат. Чечим келгенде Боршайком аны көпчүлүк добуш менен чечет. Адахан Мадумаров өкүмгө даттанарын айтты», — деп түшүндүрдү ал.

Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу  айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.

Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.

Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости