www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бишкекте КСДПнын жашыруун курултайы өтүп, ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Дал ушул жыйындан кийин Атамбаев журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Кыргызстанда башкаруучу партия эсептелген бул уюмдун тар курамдагы жашыруун жыйын курушуна эмне түрткү болду деп ойлойсуз?

- Элдин баары КСДП ичинен ыдырап баратканын көрүп турат. Ошол эле кезде Алмазбек Атамбаевдин эч кандай бөлүп-жарылуу жок деген сөзү айткан сөздөрүнө карама-каршы келүүдө. Атамбаев учурдагы президенттин жанындагылар туура эмес кеңеш берип жатканын айтыптыр. Бирок, Президенттик аппараттагы кызматкерлердин 99 пайызы Атамбаевдин учурунда кызматка алынгандар. КСДП ыдырап жатат, аны эч качан жашыра албайт. Эл баарын көрүп турат.

- Атамбаев журналисттердин алдында сүйлөп жатып Мээрбек Мискенбаевдин сөзүн кайталап “Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керек” деп айтты. Буга негиз барбы?

- Эл тарабынан шайланган президентке анын инисинин мандаты эч кандай тоскоол болбойт. Ал тескерисинче жардам гана берет. Мүмкүн бул кимдир-бирөөгө жакпай жаткандыр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости