www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге 28-мартта Фейсбук баракчасында жооп берди.

“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен факты жөнүндө айтып жатам. Менин кызымдан "Томми" борборун тартып алдыңыз. Менин балдарымдын батир, кеңселерин тартып алдыңыз. Жыйынтыгында менин балдарым каражатсыз калып, окуусунан акы төлөбөгөндүгү үчүн айдалып, үйлөрүнө кайтышты. Сиз балдарымды келечегинен ажыраттыңыз. Бирок, элде айтылган сөздү бузбаш керек деген нерсе бар! Балдар атасынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек! Эне – баласынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек!

Балдарымдын окууларынын акысын төлөбөгөнүм үчүн алар таарынып, менин менен сүйлөшпөй жатышат. Бул мага, ата катары абдан оор тийди", деп жазган.

Абдыкеримов мунун баары “жалган” эмес экенин жазып, туура эмес маалыматтар болсо бардыгы мыйзамга ылайык ачык текшерилишин талап кылды.

"Президентибиз жазгандарыма жооп берип, тергөө башталды! Мен буга чейин чыдадым жана беш жыл бою эч нерсе айткан жокмун!", - деди Абдыкеримов.

Азырынча Абдыкеримовдун жазгандары боюнча тийиштүү органдар жана президент Садыр Жапаров комментарий бере элек.

Эскерте кетсек, буга чейин "Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов президент Садыр Жапаровго эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" боюнча кайрылуу жасаган.

Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан.

Последние новости