www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаалардын кыймылы үчүн кайрадан ачылды.
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, учурда аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган. Ал эми жол чийиндери аба ырайы туруктуу болгондон кийин түшүрүлөт.
Мэрия айдоочуларды ылдамдык режимин сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга жана бул тилкеде өзгөчө этият болууга чакырды.