www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дарыгерлер 8 күндүк ымыркайга шишикке байланыштуу татаал операция жасашты.
Бул тууралуу Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнүн дарыгер-онкологу Султан Стамбеков билдирди.
Операцияга балдар хирургдары жана хирург-неонатологдор катышкан.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга мындай операцияларды жүргүзүү жогорку тактыкты жана адистердин тыгыз кызматташуусун талап кылат.
Ымыркайды дарылоого балдар хирургдары, анестезиологдор, реаниматологдор, неонатологдор жана диагностикалык адистерден турган медициналык топ тартылган.
Адистердин айтымында, балдар онкологиясы дары-дармек менен гана чектелбестен, хирургиялык кийлигишүүнү, интенсивдүү терапияны жана комплекстүү медициналык жардамды да камтыйт.
Ымыркайдын төрөлгөнүнө болгону 8 күн болгонуна карабастан, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу жана дарылоону улантуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатышат.