www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-июлдагы «75чилердин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча бир нече айдан берки созулуп келе жаткан сот отуруму аяктап, өкүм чыкты. 

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчы Бекболот Талгарбеков, мурдагы вице-премьер Аалы Карашев, мурдагы ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, мурдагы Айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманбек Дыйканбаев күнөөлүү деп табылышып, 4 жылдан эркинен ажыратылышып, мүлктөрү конфискацияланып, 3 жылдык пробация чечими кабыл алынды. 

Бүгүнкү сот отурумунда айыпталуучулардын жактоочулары шектүүлөрдүн кылмышка барышканы боюнча конкреттүү далил, эч кандай негиз жоктугун белгилешип, соттон аларды актоону өтүнүшкөн болчу.

Последние новости