www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасынын Тибет автономиялуу району түзүлгөндөн берки 60 жыл ичинде экономика, калктын жыргалчылыгы, айлана-чөйрөнү коргоо, билим берүү жана саламаттык сактоо, туризм жана транспорт, адам укуктарын коргоо сыяктуу тармактарда зор ийгиликтерге жетишилди. Бул жалпы улуттардын бакубат жашоосунун жаңы көрүнүшүн айкын чагылдырат. Бул тууралуу NazarNewsка CGTNден кесиптешибиз билдирип, кызыктуу маалыматтар менен бөлүштү.

Тибеттин экономикалык өнүгүү деңгээли 60 жыл бою туруктуу жогорулап келди

Тибет автономиялуу району түзүлгөндөн бери анын экономикалык өнүгүүсү үзгүлтүксүз өсүп жатат. 2024-жылы Тибеттин ички жалпы өндүрүмү 276,5 млрд юаньга жетип, 1965-жылга салыштырмалуу 155 эсеге өстү. Дыйкандар менен малчылардын реалдуу жан башына кирешеси 21 578 юань болуп, бул 1965-жылга салыштырмалуу 199 эсеге көбөйдү. Орточо жылдык өсүү темпи 9,4%ды түздү.

Аймак «жашыл» энергетикада чоң ийгиликтерге жетишти

Тибет гидроэнергия, күн жана шамал ресурстарына бай. 60 жыл ичинде «жашыл» энергетиканы өнүктүрүүдө олуттуу жетишкендиктер болду жана көмүртек нейтралдуулугуна жакындоо аракеттери көрүлдү. 2015-жылдан тартып Тибеттен Кытайдын башка аймактарына таза электр энергиясы бериле баштагандан бери жалпы көлөмү 15,79 млрд кВт*саатка жетти. Ошол эле убакыт аралыгында көмүр керектөө 4,85 млн тоннага кыскарды, көмүр кычкыл газы – 12,08 млн тоннага, күкүрт газы – 360 миң тоннага азайды. Мындан тышкары, токой массивдеринин жалпы аянты 66 миң гектардан ашып, аймактагы жашылдандыруу деңгээли 12,31%ды түздү.

Аймак билим берүүнү колдоо программасын активдүү жүргүзүүдө

Тибет автономиялуу районунда 40 жылдан бери «үч кепилдик» саясаты иштеп келет. Анын алкагында окуучулар тамак-аш, жашоо-жай жана негизги чыгымдар менен камсыздалат. 2024-жылы бул программага бөлүнгөн каражат 21-жолу жогорулатылып, 714 миңден ашуун адамды камтыды. 2012-жылы Тибет Кытайда биринчи болуп 15 жылдык акысыз билим берүү системасын киргизген. 2024-жылдын жыйынтыгында мамлекеттик экзамен тапшыруучулардын үлүшү 2020-жылдагы 57%дан 80%га чейин өстү.

Аймак кеңири транспорттук байланыш түйүнүн түздү

60 жыл ичинде Тибетте транспорттук байланыш системасы кеңейди. 2024-жылдын аягына карата автожолдун жалпы узундугу 124 миң кмден ашты, темир жолдун узундугу болсо 1359 кмди түздү. Ошондой эле аймак Кытайдын башка райондору жана 183 өлкө менен аба каттамына ээ. Бул туризмдин жигердүү өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, жыл сайын 40 млн ашуун туристти кабыл алууда. Туризмден түшкөн киреше 50 млрд юаньдан (7 млрд АКШ долларынан) ашат. Тибеттеги эң популярдуу туристтик жайлар – Потала сарайы, Чомолунгма тоосу жана Намцо тоо көлү.

Жаңы доордо Тибетте адам укуктарынын өнүгүшү жана прогресси

КЭР Мамлекеттик кеңешинин Канцеляриясы быйыл март айында «Жаңы доордо Тибетте адам укуктарынын өнүгүшү жана прогресси» аттуу Ак китепти жарыялады. Анда белгиленгендей, Кытайдын ар кандай деңгээлдеги мыйзам чыгаруу органдарында 42 миңден ашуун депутат тибеттиктер же башка улут өкүлдөрү болуп саналат (алардын 90%ы улуттук азчылыктардан). 2019-жылга карата аймакта 628 миң адам жакырчылыктан чыгарылды. 2024-жылы калктын жан башына кирешеси 12,5%дан ашык өстү. Мындан тышкары, саламаттык сактоо тармагына 30 млрд юаньдан (4 млрд АКШ долларынан ашык) көп каражат салынды. Калктын орточо жашоо узактыгы 1951-жылдагы 35,5 жаштан азыркы учурда 72,5 жашка чейин узарды.

Булак: CGTN

 

Последние новости