www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган болду. Бул жолку шайлоо партиялык тизме менен эмес, ар бир округдан үчтөн, 90 талапкер шайланат. Жалпы 30 шайлоо округу түзүлдү. Бул шайлоо ыкмасы — элдин ар бир округдагы өкүлүн түздөн-түз шайлоосуна мүмкүндүк берет. Эл үчүн чоң жоопкерчилик турат. Анткени бул жолу саясий партия эмес, жеке талапкер элдин добушуна ээ болуп, парламентке келет. Демек, шайлоочулардын тандоосу, аң-сезими, талаптарды коюу маданияты мурдагыдан да жогору болушу абзел. 

Бул системанын артыкчылыгы – эл талапкерди жакындан таанып, түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Ошол эле маалда шайлоочунун жоопкерчилигин жогорулатат. Шайлоочу кимге добуш берип жатканын так билет. Башкача айтканда, бул шайлоо – күчтүү, эл менен тыгыз иштеген инсандын Жогорку Кеңешке депутат болуп келишин шарттайт, же элдин акчасы көп, популисттерди эрчип кетээрин айкын көрсөтөт.

Андыктан, шайлоочу бир келген мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып талапкердин сапатына, ишмердүүлүгүнө, тажрыйбасына жана ишенимине карап чечим кабыл алууга тийиш. Ошондо таза, абийирдүү, коррупцияга аралашпаган, кесипкөй, мыйзам чыгаруу жаатында түшүнүгү бар, элдин үнүн угууга жөндөмдүү, жогорку трибунада маселе көтөрө ала турган саясий эрки күчтүүлөр шайланып келет. 

Тилекке каршы, шайлоо мезгилинде акчага, белекке, куру сөзгө алданган учурлар арбын. Эгер эл ушундай көрүнүштөргө жол берсе, анда парламент кайра эле "баягы эле" тас кейпин киет. Тазалануу, жаңылануу болсун десек, акча тараткандарды, административдик ресурсту колдонгондорду, популисттерди, кылмыш дүйнөсү менен байланышы барларды, уурулукка, мыйзамсыз иштерге шектелгендерди шайлабаш керек. 

Шайлоо – бул жөн гана күн эмес, бул – келечекти кимге ишенип тапшырарыбызды чечкен учур. Кыргызстан бүгүн жаңы доордун босогосунда турат. Экономикалык, экологиялык, социалдык жана геосаясий маселелер күчөп турган учурда, эл өкүлдөрү да жаңыча ойлонуп, жаңыча иштеген инсандар болушу зарыл.

Демек, интеллектуалдык деңгээли жогору, мыйзам жазууга билими жетиштүү, өз оюн эркин айта алган, бийликтин кемчилигин көрсө башын кумга катпаган, коомдук кызыкчылыгы, чындык үчүн күрөшкөндөр депутат болуп келиши кажет.

Ырасын айтканда, 30-ноябрдагы шайлоо бул жөн гана талапкерлердин таймашы эмес — бул элдин өз тагдырын колуна алуу аракети болушу керек. Ар бир добуш — мамлекеттин багытын аныктайт. Мындан ары ката кетирүүгө болбойт. "Шайлоо таза өтпөйт", "кандай болсо да өзгөрүү болбойт" деген пессимизмден арылалы. Өзүбүздү сыйлабасак, эч ким бизди сыйлабайт. Өз добушубузга жоопкер болбосок, эч ким бизге жооп бербейт. Парламент – бул элдин күзгүсү. Күзгүдөн эмнени көрсөк, ошол өзүбүз.

Мыйзам жазып, сын айтып, бийликти көзөмөлдөй турган адам белгилүү эмес, белдүү болушу керек. Депутат деген – бийликтин жарчысы эмес, элдин үнү. Ошол үн шайлоо бүткөндө өчүп калбаш керек. Мандат – бул мансап эмес, милдет. Ошону түшүнгөн киши эл өкүлү болууга тийиш.

Последние новости