www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда, дүйшөмбү күнү, Бишкек электр тармактары электр энергиясына карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгын алыстан өчүрө баштайт.

Электр жабдуусун өчүрүү «акылдуу» эсептегичтер аркылуу автоматтык түрдө ишке ашырылат. Бул система адистерди барып, кол менен жабдуу менен кийлигишүүсүз эле электрди токтотууга мүмкүндүк берет. Ишкана шаар тургундарын алдын ала карыздарын төлөп коюуга чакырат, анткени карыз жабылбаса, өчүрүү жана ага байланыштуу ыңгайсыздык пайда болот.

Лицевой эсеп боюнча актуалдуу маалыматты төмөнкү жолдор менен билсе болот:

— ишкананын расмий сайтындагы «Абоненттин балансы» бөлүмүнөн;

— «Мой свет» мобилдик тиркемесинен;

— кол-борбордун 1209, 105 номерлери аркылуу же WhatsApp: 0702 001209.

Төлөмдөр банк кассалары, терминалдар, электрондук капчыктар жана «Кыргыз почтасы» бөлүмдөрү аркылуу кабыл алынат. Бардык төлөмдөр система тарабынан реалдуу убакытта катталат.

Последние новости