www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-кылымда Кыргызстан мектепке жетпей койду. Азыркы убакта өлкөдө 12 мектеп авариялык абалда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева маалымат жыйынында билдирди. Министр билдиргендей, быйыл өлкөдөгү бардык мектептердин абалы текшерүүдөн өткөн. Анын жыйынтыгында, 193 мектептин акыбалы начар деп табылып, анын 108и жаңы курулушка пайдаланууга берүү мүкүн эмес.
Дагы 12 мектеп авариялык абалда болгондуктан, андагы имараттарда билим алууга арагасыз болушууда. Ал эми Өзгөн районундагы бир, Чоң-Алай районундагы эки мектептин окуучулары ушул жылдын май айынан баштап чатырларда окуганга аргасыз болушкан. Жыл өткөн сайын дүйнө алдыга кетсе, Кыргызстан артка жылып аткандай, Же, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалиминдеги” Дүйшөндүн мектебиндей болгон мектептерден улуу жазуучулар, мыкты инсандар чыкканын эске алышып, генийлерди чатырлардан даярдоо ыкмасына өттүкпү?
Баса, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Бишкекте 1-класска кабыл алынган окуучулардын ата-энелери мектеп үчүн баштапкы төлөмдөн кутула тургандыгын сүйүнчүлөдү. «Бул төлөмдөр эмне экенин биз жакшы билебиз. Ал ата-энелер тарабынан өз эрки менен төлөнөт. Ата-энеге мектеп банктагы эсебин берет, ал эсепке акча которулат. Биз ага тыюу салдык.
Тыюуга карабай, баштапкы төлөмдү төлөттүргөн мектептердин директорлорун иштен кетирүүгө чейин барабыз», – деди министр. Бул да болсо баласын жаңы окуу жылына даярдап аткан ата-энелер үчүн жакшы саамалык. Болбосо, айрым мектептер баштапкы төлөмгө акчасы жок ата-энелердин балдарын мамлекеттик билим берүү мекемесине алуудан баш тартканы айтылып эле жүрбөйбү.
Булак: Майдан.kg