www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
JPMorgan аналитиктери 2027-жылы дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда тобокелдиктер күчөшү мүмкүн экенин эскертишти.
Буга жер семирткичтердин, энергиянын кымбатташы жана күчтүү Эль-Ниньо кубулушу себеп болушу мүмкүн. Айрыкча азоттук жер семирткичтердин тартыштыгы түшүмдүүлүккө таасир этип, буудай, күрүч, жүгөрү сыяктуу негизги азыктардын баасын жогорулатышы ыктымал.
Банк 2027-жылдын биринчи жарымында дүйнөлүк азык-түлүк инфляциясы 5%га жакындашы мүмкүн деп болжолдоодо. Ошол кезде дүйнөнүн айрым аймактарында азык-түлүк тартышыгы күчөп, ачарчылыктын белгилери болушу мүмкүн экени айтылууда.
Ошол эле учурда, JPMorgan бул дүйнөдө сөзсүз түрдө ачарчылык болот дегенди билдирбей турганын белгилейт. Учурда дүйнөлүк дан запастары салыштырмалуу жакшы деңгээлде.