www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик партиялар «Бир бол», «Кыргызстандын» лидерлери Алтынбек Сулайманов, Канат Исаевдер бир мандаттуу округдан ат салышууга даярданып жатат. Ал эми «Кыргызстандын» чыныгы «серый кардиналы» Шаки же саясаттан жок, же болбосо азыр башкарып жаткан Улуттук олимпиадалык комитеттен жок, ден-соолугуна байланыштуу сыртта жүрөт дешет. Балким, «Кыргызстан» партиясыныдагылардын барын эле  темир тордун артына тыгып жатат, мен чет өлкөдө аярлап турайын деп жаткандыр.

СДПК партиясы бөлүнүп-жарылып жатып, акыры өчтү, анын жетекчиси Атамбаев камакта, лидери Өмүркулов Иса аны эбакта сатып кетсе да, чыдоо менен СДПК партиясынын башында отурат.

«Республика» партиясынын лидери Бабанов парламенттик шайлоого барбайт, терең дем алып эс алууда. Ал 2017-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевди премьер-министр кылып, өзү президенттикке чабуул койгондо, Назарбаев көп минип коюп «көлүк» болуп чарчап калыптыр. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев былтыркы парламенттик шайлоодо эле партиясын садага чапкан. Быйыл анын партиясынан Сабиров, Кочкорбаев сыяктуулар акактап кача баштады.

Жалгыз «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Германияга бара турган элчиликке кол шилтеп, парламентке аттаныш үчүн көптөгөн адамдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, арийне, анын деле парламентке жетүүгө перспективасы жок, бирок башаламандыкты уюштурууга тажырыйбасы жетиштүү.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости