www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

15 жаштагы Айсезим Мааразыкованы изделип жатат

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан 2011-жылы туулган Айсезим Мааразыкова изделүүдө.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 16-августунда болжол менен саат 00:30 чамасында өспүрүм кыз Бишкек шаарынын Тынчтык конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою болжол менен 155 сантиметр, дене түзүлүшү арык, жүзү буудай өңдүү. Чачы кара түстө, тармал жана ийининен төмөн түшөт. Өзгөчө белгилери жок.

Жоголгон учурда мезгилге ылайык кийим кийип жүргөн, бутунда күрөң түстөгү кедалар болгон.

Учурда Ленин РИИБинин кызматкерлери кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүүдө.

Укук коргоо органдары Айсезим Мааразыкованын жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кабарлоого чакырат:

📞 0 (312) 35-26-32

📞 0 (702) 603-002

📞 0 224 214 346

Последние новости