www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн №13 округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жарактуу деп тааныды.
Бул чечим Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов жана Айгүл Карыбекова аттуу үч талапкердин арызын карап чыккандан кийин кабыл алынды.
Алардын арызында №13 округ боюнча иште жаңы жагдайлар аныкталганы жана БШКнын округдагы шайлоону жараксыз деп таануу чечимин кайра карап чыгуу керектиги жазылган.
«Укук коргоо органдары шайлоо тилкелериндеги камералар кимге таандык экенин аныктагандыктан, ошол талапкерди четтетүү зарыл»,- деп айтылат үч талапкердин арызында.
Милициянын маалыматы боюнча, камералар талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрүнө тиешелүү.
Милициянын жана талапкерлердин көрсөтмөлөрүн уккандан кийин БШК мүчөлөрү келип түшкөн арызды канааттандырды. Анда Сыдыковдун добуштары жокко чыгарылып, Алтынбеков Мамытов жана Карабекова депутат болуп таанылды.