www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча кеңири масштабдагы иштер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча жалпысынан 40 миң 420 мугалим атайын курстардан өттү. Жаңы система боюнча багытталган окутууга 28 миң 913 мугалим тартылган. Анын ичинде башталгыч класстардан – 10 334, табигый илимдерден – 7 651, англис тилинен – 5 727 жана математикадан – 5 352 педагог билим алды.
Мугалимдерди сапаттуу даярдоо үчүн Сингапурдан тогуз эл аралык тренер тартылып, алар кыргызстандык адистер үчүн 36 онлайн сессия өткөрүштү.
"Жаңы окуу программалары боюнча 105 курс жаңыланып, "Устат" (ustat.edu.gov.kg) онлайн платформасына жайгаштырылды. Анда учурда 10 миңден ашык мугалим окуп жатат. Учурда окууну ийгиликтүү аяктаган педагогдорго сертификаттарды тапшыруу жана 1–2-класстын мугалимдерине көмөк катары атайын видеосабактарды даярдоо иштери кызуу уланууда" – деп айтылат маалыматта.