www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-жылдык билим берүү системасы боюнча ата-энелердин арыз-дооматтарына Агартуу министрлиги жооп берди.

"Урматтуу ата-энелер,

Министрлик 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча сиздердин кайрылууңуздарды карап чыгып, төмөнкү түшүндүрмөлөрдү берүү зарыл деп эсептейт.

1.Окуу программасы балдардын курактык өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Бардык программалар кенже класстын окуучуларынын психологиясын жана физиологиясын эске алуу менен иштелип чыккан. Окуу материалы акырындык менен жөнөкөйдөн татаалга карай киргизилет.

1-класста ишмердүүлүктүн негизги түрү – оюн, окутуу акырындык менен жүргүзүлөт. 2-класстын программасы балдардын «Наристе» мектепке чейинки даярдоодон өткөндүгүнө негизделген жана 7 жаштагы окуучулардын курагына толук жооп берет. Бул окутуунун түзүмү бала ашыкча жүктөлбөшү үчүн ойлонулган дегенди билдирет.

2. Мугалимдерди даярдоо жана окутуу дайыма жүргүзүлөт — буга чейин да болгон, азыр да бар жана мындан ары да улантылат.

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу жайкы, күзгү жана окуу жылынын ичинде үзгүлтүксүз уюштурулат. Агартуу министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен биргеликте методикалык колдоо, семинарлар жана курстарды дайыма өткөрүп турат. Өткөөл процесс мугалимдер үчүн атайын материалдар жана нускама менен коштолууда.

3. Мектептерди кадр менен камсыз кылуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин милдети, бул багыттагы иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө", - айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жогорку окуу жайлар менен биргеликте педагогикалык кадрларды даярдоо, кабыл алууларды көбөйтүү менен алардын сапаттуу даярдыгын камсыздоо багытында иш алып барууда. Бул көп өлкөлөрдө актуалдуу маселе, Кыргызстан да аны системалуу чечүүдө.

"Биз жаңыланган программаларга жана 12 жылдык билим берүүгө өтүү балдарга ыңгайлуу, мугалимдерге түшүнүктүү, ал эми ата-энелерге тынч болуусу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүнө ишенебиз.

Министерлик ар дайым ачык жана бардык суроолорго жооп берүүгө даяр, - деп билдирди министрлик.

 

Последние новости