www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кызматы 12 млн сомдон ашык суммадагы биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду.

Салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына биологиялык активдүү кошулмаларды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту.

Тактап айтканда, "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун аймагындагы рейддик салык контролунун жүрүшүндө продукцияны кол жүгү катары алып келген адамдардын тобу тарабынан мыйзамсыз импорт фактысы аныкталган.

Текшерүүнүн натыйжасында «ENYIDA» аталышындагы 4 400 таңгак биологиялык активдүү кошулмалар табылган. Алдын ала эсептөө боюнча продукциянын жалпы суммсасы 12 млн сомдон ашат.

Салык кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүп, продукция убактылуу тартып алынды. Материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Последние новости