www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Эркин экономикалык аймагынды (ЭЭА) "Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды.

Аталган чет элдиктер Кыргызстандын аймагында туристтик визанын негизинде жүргөндүгү жана мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөндүгү такталды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүмү (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузгандыгы) үчүн 66 000 сом айып пул салынган.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактарга  КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси (КРда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) 65 000 сом өлчөмүндө айып салынган.

УКМК иш берүүчүлөргө КР чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Последние новости