www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-апрелде Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

11-апрелде саат 09:00—22:00 аралыгында Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы:

- Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары;

- Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;

- Д.Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва көчөсү — Фучик көчөсү — Казаков көчөсү;

Суу «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости