www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районундагы «Жаңы билим» жеке менчик мектебинде аныкталган мыйзамдардын жана лицензиялык талаптардын одоно бузулушуна байланыштуу мектептин лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мектепке 100 балага чейин гана билим берүүгө лицензия берилгенине карабай, иш жүзүндө 1000 окуучу катталган.

Мектеп «Э-Күндөлүк» системасына 9-класстын 2371 окуучусу боюнча маалыматтарды киргизе баштаган. Алардын ичинен 987си Кара-Суу райондук сырттан окуу мектебинен, 46сы «Лицей Эверест2 комплексинен которулганы аныкталды.

Ошондой эле лицензия алуу үчүн атайын системага так эмес, жалган маалыматтар жана документтер жүктөлгөн. Мугалимдер менен эмгек келишимдери түзүлгөн эмес, окуу пландары жана сааттардын бөлүштүрүлүшү талаптарга жооп бербейт.

Министрликтин чечими менен мектепке берилген № LM-2026 0106 лицензиясынын колдонулушу токтотулду. Кемчиликтерди жоюу үчүн окуу жайга 2026-жылдын 3-сентябрына чейин мөөнөт берилди.

Ошондой эле «Жаңы билим» комплексинин сырттан окуу формасындагы мыйзамсыз иш-аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн топтолгон бардык материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Последние новости