www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Системалуу түрдө пара алуу боюнча мыйзамсыз схеманы уюштурушкандыгы үчүн КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Калкты каттоо департаментинин» (азыркы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси) мурдагы директору, «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин кызматкери, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалынын башчысы жана ортомчу жаран кармалышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Калкты каттоо департаментинин» мурдагы директору «А.Т.Ж.», Бишкек шаарынын Биринчи май районунун «Калкты тейлөө борборунун» башкы адиси «П.А.Т.», Бишкек шаарынын Октябрь районунун «Калкты тейлөө борборунун» жетектөөчү адиси «А.М.М.», «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкери «Т.А.Ш.» жана «М.А.К.» аттуу ортомчу жарандын катышуусунда — мамлекеттик кызматтар боюнча «Калкты тейлөө борборлоруна» кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден көрсөткөн кызматтары үчүн мыйзамсыз акча каражаттарын алуу системасы уюштурулган.
Алдын ала иштелип чыккан схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документтерди тариздөө иштерин кезексиз, кыска убакта бүткөрүп берүүнү сунушташкан. Бул үчүн алар көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 дөн 10 000 АКШ долларына чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан. Андан соң мыйзамсыз алынган акча каражаттары аталган топтун катышуучуларынын арасында бөлүштүрүлгөн.
Мыйзамсыз схеманын баардык катышуучулары кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.