www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырып, жаранды алдап, анын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен жаран кармалды.

Бишкек шаардык ИИББдин маалыматына ылайык, жабырлануучу К.Д. милицияга кайрылып, Восток-5 кичи районундагы мүлкүн белгисиз адамдар алдап тартып алганын билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») менен иш козголуп, шектүү катары 2006-жылы туулган М.А. кармалды.

Учурда тергөө иштери уланып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

Последние новости