www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Таш-Коргон айылынын 50 жаштагы тургуну Х.У. уруксаты жок сайлуу ок атуучу куралы менен Майдан айыл аймагынын Пум айылында жайгашкан жайлоодо аңчылыкка чыккандыгы боюнча Кадамжай РИИБдин Үч-Коргон милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголуп, куралы алынды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.