www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында туризм тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары, инфраструктураны жакшыртуу, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык аренада илгерилетүү, мейманкана жана туристтик жыйымдардын моделин иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында өлкөгө 2,8 миллиондон ашык чет элдик жаран келген. Алардын 88%ы – Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген туристтер. Ал туризмден түшкөн салыктык кирешелер 160,6 миллион сомду түзгөн.
Эдил Байсалов туризм тармагынын өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү, жумуш орундарын түзүү жана региондорду өнүктүрүү үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеген. Ал бул жаатта мамлекет менен жеке сектор өз ара аракеттенүүсү керектигин белгилеп, туризмди өнүктүрүүгө туруктуу жана экологиялык жактан жоопкерчиликтүү мамиле жасоо маанилүү экенин билдирген.