www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери үчүн төрт мезгилге ылайыкталган жаңы үлгүдөгү кызматтык форма иштелип чыкты.
Жаңы форманы иштеп чыгууда кызматкерлердин ыңгайлуулугу, ар кандай аба ырайы шарттарында кызмат өтөөсү жана жол кыймылынын катышуучуларына жакшы көрүнүүсү негизги талаптардын бири катары эске алынган.
Ошондой эле формага жарыкты чагылдыруучу атайын белгилер жана элементтер киргизилди. Бул жол тескөөчүлөрдүн түнкү убакта жана көрүнүш чектелген шарттарда даана көрүнүүсүнө шарт түзөт.
Жаңы үлгүдөгү кызматтык форма кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууга, кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.