www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Адема Аджиходжаева аттуу жарандын кассациялык арызын карап, анын жашы жете элек балдарын чет өлкөгө алып чыгууга уруксат берди.

Маалыматка ылайык, аял үч жаштагы уулу жана алты жаштагы кызы менен АКШда жашап келген. Кыргызстанга убактылуу келгенден кийин үй-бүлөлүк чыр чыгып, күйөөсү жалгыз Чикаго шаарына кетип, балдардын кайтып баруусуна макулдук бербей койгон. Аджиходжаева балдары менен ата-энесинин үйүндө жашап жатканын, атасы аларга жардам бербей жана байланышпай жатканын билдирген.

Буга чейин биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор анын талабын канааттандырган эмес. Бирок Жогорку сот балдардын кызыкчылыгын эске алып, аларды апасы менен бирге АКШга алып чыгууга бир жылдык мөөнөткө уруксат берди.

Ошентип, төмөнкү инстанциялардын чечимдери жокко чыгарылды.

Последние новости