www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы бир ай ичинде өлкөнүн саясий чөйрөсүндө байкаларлык өзгөрүүлөр болуп, бир катар жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлер кызматынан алынганы коомчулуктун кызуу талкуусуна түшүүдө. Ушул эле мезгилде бир нече эл өкүлдөрү да депутаттык мандаттарын тапшырып жатышканы маалым.
Саясий чөйрөдөгү мындай активдүү өзгөрүүлөр айрымдар тарабынан “саясий турбуленттүүлүк” катары бааланып, жакынкы убактарда дагы кадрдык чечимдер болушу мүмкүн экени айтылууда. Байкоочулардын пикиринде, бул “бороондуу” процесстер парламентти да кыйгап өтпөй, дагы бир катар эл өкүлдөрүнө таасир этиши ыктымал.

Бизге жеткен ишенимдүү булактардын маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дагы бир белгилүү депутаты жакын арада өзүнүн депутаттык мандатын тапшырууга камынууда. Маалыматтарга караганда, ал мандатын “өз каалоосу менен” тапшыруу негизинде арыз жазып, тиешелүү документтерди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) жолдомокчу.

Азырынча депутаттын аты-жөнү расмий түрдө жарыялана элек. Ошол эле учурда саясий чөйрөдө мандат тапшыруу процесси муну менен эле чектелбей, дагы башка өзгөрүүлөр болушу мүмкүн деген кептер да айтылууда.

Расмий маалыматтар жарыяланган соң, коомчулукка кошумча маалымат берилери күтүлүүдө.

Последние новости