www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чындыгында ЖКтин VI-чакырылышындагы депутаттарына эмне деген гана аттар коюлбады. Канткен күндө дагы Осмонов Айбек менен Шайлообек Атазов 6 жыл эмес, 6 айда мыкты жаш саясатчы катары таанылышты.
Жогорку Кеңешке келгендерине 6 ай эле болгонуна карабай, аз жана саз иш аткарып, уялчаак эл өкүлдөрүндөй обу жоктонуп же болбосо балык депутаттардай ойкуйт да кайкыйт ак чардак болушкан жок.
Жаштыгына карабай, курч, алгылыктуу маселелерди көтөрүп, трибунада бийликтин арыгын чапкандарды сөз менен оодарып, көзгө сайып, фактылар менен коркпостон бийликтин өкүлдөрүнүн чала аткарылган иштерин сындап жатышты.
Шайлообек Атазов дегенде көз алдыңа чындыктын символу тартыла түшөт. Чындык үч тепкичти басып өтөт: көкүрөктөгү сен билген, досуңа маалым жана коомчулук билген чындык. Кыйкырып айткан чындыкка караганда шыбырап айткан жалганга ишенип калган заманга капталдык.
Канткен менен чындыктын өмүрү узун. Эртеби-кечпи чындык чыга келгенде эл өз баасын берет. Парламенттик трибунада дагы Шайлообек Атазов чындык үчүн күрөшүп келгени келген. Себеби чындыкка чыккынчылык кылганга абийири жол бербейт.
Ал эми экинчи депутат Айбек Осмонов жөнүндө айтсак, чындык үчүн кара жанын карч уруп, эли-жери үчүн кызмат өтөөгө даяр экенин далай эле аныктай алды. Эл жүгүн аркалоого саясаттын бал татымынан дагы, ачуусун көбүрөөк татаарын мыкты эле түшүнөөрүн, жашоодо өзү такшалып, тиричиликке бышып калган бул жигиттин кайрымдуулук иштери дагы алкоого арзыйт.
Элдин канын кайнаткан «Коопсуз шаар» долбоорундагы махинация, кен байлыктарды иштетүү жолдорун, Covid-19 пандемиясы учурундагы кемчиликтерди, жоолукчан кыздардын жана башка көптөгөн маселелерди көтөрүп чыгууга жетишти.
Керек болсо Баткендеги каргашалуу окуяда эң алгачкылардан болуп эл аралап, гуманитардык жардамдан тарта алып барып аягына чейин жүрүп, өз жанынан жабыркаган үй-бүлөрлөргө 20 даана үй куруп да берди.
Анан булар жөнүндө айтпай кимди айтабыз? Ушундай мыкты жаш депутаттарды VII-чакырылышта да көргүбүз келет. Элим-жерим үчүн кызмат кылабыз деп турган жигиттерибизди колдобой кимди колдойбуз! – деген жарандар четтен табылат.
Арасында көзгө басаар экөө болсо, экөө деп айтабыз да туурабы? Силерге ишенимибиз чоң! Дагы далай кызматыңарды өтөй бергиле! Күлүк - күнүндө, тулпар - тушунда!
Булак: NazarNews.kg