www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-27-ноябрда Бишкек шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Иш-чара Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгынын жыйынтыктоочу баскычынын негизги окуясы болот. Бул Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон катышат.

Абдумуталиптин айтымында, жыйындын жыйынтыгы боюнча жамааттык коргонуу механизмдерин мындан аркы чыңдоого, мүчө-мамлекеттердин коопсуздук маселелериндеги өз ара аракеттенүүлөрүн өркүндөтүүгө жана аскердик-саясий чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган ондон ашык чечимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Мындан тышкары 2026-жылы ЖККУдагы төрагалык Кыргызстандан Орусияга өтөт.

Последние новости