www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Канада Премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайка Премьер-министри Эндрю Холнесс жана БУУ Баш катчысы Антониу Гуттериштин чакыруусу боюнча видеоконференция форматында өтө турган «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу эл аралык форумга катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара чет мамлекеттердин башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУ Баш катчысы Антониу Гуттериштин катышуусунда видеоконференция форматында өтөт.

Форум БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча Достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости