www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 19-майында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Мозамбикке жасалган биринчи расмий сапарынын алкагында Мозамбик Республикасынын Тышкы иштер жана чет өлкөдөгү мозамбик жамааттары боюнча мамлекеттик катчысы Мария де Фатима Симао Мансо айым менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМнен билдирди.

Тараптар кыргыз-мозамбик кызматташтыгын эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. Саясий диалогду өнүктүрүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле туруктуу өнүгүү, санариптештирүү жана коопсуздук тармактарындагы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин башчысы өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн, жүргүзүлүп жаткан системалуу реформаларды, ошондой эле өнөр жай жана инфраструктуралык потенциалдын кеңейишин белгиледи. Кыргызстан Африка мамлекеттери менен кызматташууну активдештире баштаганы, анын ичинде айыл чарба, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, санариптик башкаруу жана гуманитардык тармактардагы практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы баса белгиленди.

Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий диалогду институционалдаштырууга жана эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүнү координациялоого багытталган туруктуу саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюлду.

Тараптар бул сапар тарыхый мүнөзгө ээ экенин жана кыргыз-мозамбик мамилелеринде жаңы этапты ачып, узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкка негиз түзөрүн белгилешти.

Последние новости