www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ЖЭБинде орун алган авариядан жабыркаган эки жаран, ошондой эле тик учактын кулашынан жабыркаган эки аскер кызматкерт Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бейтаптарды Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Даш тосуп алды. Бейтаптар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды.

Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу маалында кыйналбаганын, абалы туруктуу экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргызстандын президентинин жеке көзөмөлүндө,жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана андан ары дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

ЖЭБдеги авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Ал ортодо Башкы прокуратура ЖЭБдеги окуяга байланыштуу кылмыш ишин козгоду.

Ошондой эле президенттин тапшырмасы менен ЖЭБдеги авариянын себептерин иликтей турган мамлекеттик комиссия түзүлө турган болду. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев жетектейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости