www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чет элдик жарандарга жасалма жумушчу жана студенттик визаларды жасап, мыйзамсыз миграция каналын уюштурган деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүү чет өлкөлүктөргө Кыргызстанга кирүүгө жана жүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жасалма документтерди акчага даярдап берген. Алдын ала маалымат боюнча, мындай схема аркылуу кеминде 200 чет элдик жарандын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө шарт түзүлгөн.

Шектүү ар бир документ үчүн 1000 доллардан алып турганы айтылууда. Жалпы материалдык зыян 30 миң доллардан кем эмес деп бааланууда.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси («Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») менен кылмыш иши козголду.

Милиция 2001-жылы туулган GH. MU. аттуу чет элдик жаран кармалганын, тинтүү учурунда жасалмалоонун белгилери бар акча каражаттары жана тиешелүү документтер табылганын билдирди. Учурда иш боюнча башка тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Последние новости