www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушу шейшемби күнү мурунку пре­мьер-министр Сапар Исаковко карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүү боюнча анын адво­катынын өтүнүчүн Биринчи май райондук соту карады. Конвойлордун коштоосунда колуна кишен салынган Сапар Исаков сотко жаркырап келип, жаркылдап чыгып кетти.

Ал күнү соттук процесс кечки 17ге чу­кул башталып күүгүм кирип баратканда аяктады. Отурумда айыптоочу тарап С. Исаковдун камактагы мөөнөтүн узартууну суранды. Жактоочулар тарабынан «кайсы фактынын негизинде камакта калтыруу мөөнөтү узартылганы жатат?», «үй кама­гына чыгаруу менен деле тергөөнү жүр­гүзө берсе болот да?» деген сыяктуу суро­олор айтылганын адвокат Н. Токтоакунов билдирди. Бирок, Биринчи Май райондук сотунун судьясы, айтылуу Айбек Эрнист уулу «ал качып кетиши мүмкүн, мен ушин­тип ойлоп атам», «я думаю так...» деген бир айыптоочунун айткан эч бир далилсиз өтүнүчүн өндүрүшкө киргизип, ошонун негизинде чечим кабыл алганын Н. Токта­кунов билдирди. Ошентип, Бишкек шаары­нын Биринчи Май райондук соту мурдагы премьер-министр С. Исаковдун абактагы мөөнөтү боюнча баш коргоо чарасын ка­рап, аны 5-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, 2018-жылдын 29-май­ында Бишкек ЖЭБ модернизациясындагы коррупция фактысы боюнча мурунку пре­мьер-министр Сапар Исаковго КР КЖК 303 берене 1 б. менен кылмыш иши козголгон.

5-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктагыча УКМК тер­гөө абагына киргизилген.

13-июнда Бишкек шаардык соту бирин­чи инстанциянын чечимин күчүндө кал­тырган.

Андан соң Жогорку сот экс-премьер-ми­нистр Сапар Исаковду ушул жылдын 5-ав­густуна чейин камакта калуу тууралуу би­ринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Булак: "Айгай"

Последние новости