www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында бешинчи президент Садыр Жапаров курултайдын ордуна Кыргызстанда аккредитация болгон бардык ММКлардын журналисттери менен жыйын өткөрдү. Менин көз карашымда, ар биринде 50 миңден кем эмес катталуучулары бар блогерлерди кошсо, мыкты жана сапаттуу курултай жаралат. Мында велосипед ойлоп табуунун да кереги жок болот.

Биздикиндей Конституция кабыл алынган өлкөлөрдө президенттери журналисттерди акыл үйрөтүүгө, жакындарын мактап, алыстарын жемелегенге чогултуп турат эмеспи. Менин оюмча, ага карабастан биздин президент коомубузда 30 жыл ичинде иштелип чыккан драмалык демократиялык сөз эркиндигинин принциптерин сактоону чечти.

Бул отчету менен ал элди бешинчи Кыргыз Республикасын биргеликте курууга чакырды. Аны менен чогуу бийликке досу жана багытташы Камчыбек Ташиев келди. Анын ишмердүүлүгүн талдап көргөндө, Ташиев өзүнүн жумшак айтканда, жеңил эмес миссиясында Аристотелдин философиялык пайдубалын колдонууда: “Платон менин досум, бирок чындык андан бийик”. Буга анын кылмыш жоопкерчилигине кимдерди тартканын карап көрүп эле ынансак болот. Азыр кармалгандардын арасында аны менен достошуп, тойлордо чогуу болуп, бир имаратта иштеп жүргөндөр бар.

Мисалга Бабановду, Сариевди, Жээнбековду, Пирматовду, Узакбаевди, Сарпашевди ж.б.ларды алсак болот. ММКда президент менен УКМК башчысынын ортосунан “кара мышык” чуркап кеткени тууралуу маалыматтар, божомолдор байма-бай жарыяланууда. Бирок менин билишимче, алардын достугуна пикирлеринин кайчы чыгышы себеп болду жана карама-каршылыктар алардын достугунун пайдубалы.

Бул Гегелдин диалектикасине толук дал келет. Бизде көп жылдык саясый жана жеке достуктун факты бар, ал достук кайчы пикирсиз, карама-каршылыксыз уланып келген, алар – Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. Ушинтип мамиледе эч бир ыр-чыры жок келип эле ортолорунда биринчи кайчы пикир жаралганда катастрофа чыкты!

Мен Жапаров менен Ташиевдин көз караштарынын туура келбей калганы тууралуу маалыматтарга жана фейктерге таң калуунун кереги жок деп ойлойм. Тескерисинче, эгер алардын мамилеси дайыма бир калыпта кеткени жакшы. Бирдей көз карашты кармангандарынан чочулоо керек, так ушунда катастрофа кайталанышы мүмкүн!

Булак: Азия News гезити

Последние новости