www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын ар бирине отчёт бердирем". Мындай пикирди президент Садыр Жапаров Кабар агенттигине маек берип жатып айтты.

"Мен канча убакыт президент болуп олтурам билбейм, аны бир Кудай өзү билет. Мөөнөтүм бүтүп кызматтан кетип атканда өзүм эле эмес, бир-туугандарым, бала-чакамдын кимиси өлкөбүзгө канча каражатты кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсыл тармакка канча каражат салганы, кыргыз элине, мамлекетибизге кандай пайда алып келишкени жөнүндө ар бирине отчёт бердирем.

Ошондо көп чындыкты билесиздер. Азырынча айтпай турайын. Кыскасын айтсам, биз бүгүнкү бийликте олтурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келүү менен алекпиз",-деп комментарий берди Жапаров.

Белгилей кетсек, соңку учурда өлкөдөн алтын чыгарылып кетти делген видео тарап, ал коомчулук арасында кызуу талкууларды жаратууда. 

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости