www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун адвокаты Давран Касымов 4-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча айып коюлууда. УКМК анын судьяларга пара берүү шылтоосу менен акча алып жүргөнүн айтып, кармоо учурунда 100 миң доллар табылганын билдирген.
Ал эми Жаныбек Кубандыков чет элдик инвесторлорду алдоо фактысы боюнча шектелип, буга чейин камакка алынган. Кийинчерээк сот аны үй камагына чыгарган.
Касымов мурда бул иште саясий кызыкчылыктар бар экенин айтып, тергөөнүн мыйзамдуулугуна байланыштуу суроолорду көтөргөн. Анын жактоочулары жана жакындары азырынча комментарий бере элек.