www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жан-Клод Ван Даммдын Ысык-Көлгө келиши күтүлүүдө

Кыргызстан Ысык-Көлдө өтө турган Formula 1 H2O мелдешинин алкагында белгилүү актёр Жан-Клод Ван Даммдын келишин күтүп жатат. Бул тууралуу Суу мотор спорту федерациясынын президенти Айбек Абылкасымов билдирди.

Анын айтымында, уюштуруучулар белгилүү актёр Джеки Чанга да чакыруу жөнөтүшкөн.

«Бир нече жолу чакыруу жөнөттүк. Бирок анын графиги тыгыз болгондуктан, келиши азырынча суроо жаратууда. Бул маселе дагы каралып жатат. Күтүп жатабыз, азырынча кепилдик бере албайбыз», — деди Абылкасымов.

Ошондой эле анын маалыматына ылайык, чакыруу футболчу Криштиану Роналдуга да жөнөтүлгөн. Бирок ал катышуусун ырастаган эмес.

«Ал эми актёр Жан-Клод Ван Даммдын келиши күтүлүүдө. Ал үчүн Мадридде учак алдын ала брондолгон», — деп билдирди федерация башчысы.

Эске салсак, 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көл районунун Бает айылында Formula 1 H2O Grand Prix of Kyrgyzstan – Issyk-Kul 2026 эл аралык мелдеши өтөт.

Последние новости