www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюуга жең түрө киришти. Мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык, райондук гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле, областтык телерадиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калат. Дүйнөдө жок мындай нерсе биздикилердин башына кайдан келип калганы түшүнүксүз?

Кала берсе бул багыт маңызынан алып караганда азыркы өлкө президентинин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпой, каршы да келип турат. Жаш, жигердүү делген маданият министри Азамат Жамангуловдун "жетишкендиги" ушул болчудай. Кыргызда "мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраптыр" дегендей, реформа кылат десе өз жеңин өзү кесип ыргытууда. Бул бала министр оптимизация дегенди жоюп жиберүү деп түшүнөт окшойт, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости