www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери аймактагы психоневрологиялык социалдык стационардык балдар мекемесине мониторинг жүргүзүштү.
Жалал-Абад облусундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин имараттары жеке фонддун жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен жаңы курулган. Мекеме 165 орунга ылайыкташкан. Учурда анда 4 жаштан 18 жашка чейинки 162 бала тарбияланууда.
Балдар күнүнө үч маал ысык тамак менен камсыздалат. Бир балага күнүмдүк тамак-ашка 220 сом, дары-дармекке 26 сом каралган.
Ошондой эле балдар ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган зарыл медициналык жана социалдык кызматтар менен камсыздалган.
Балдардын көпчүлүгүнүн өз алдынча кыймыл-аракет жасоого мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, алар дайыма кароого жана жардамга муктаж.
Мониторингдин жүрүшүндө мекемеде ата-энеси баш тарткан 8 бала жана жарым жетим 93 бала бар экени аныкталды.
Мындан тышкары, 18 жаштан жогорку курактагы 24 бала дагы деле мекеменин кароосунда . Жетекчинин маалыматына караганда, аларды чоңдордун социалдык стационарына которуу мүмкүн болбой жатат. Анткени чоңдордун стационарларында бош орун жок.
Мекеменин жетекчилигинин айтымында, ар беш жылда бир берилүүчү санаториялык-курорттук дарыланууга жолдонмо 4 жылдан бери берилбей келет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды санаториялык-курорттук дарылоого жөнөтүү социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү тарабынан Министрлер Кабинети белгилеген тартипте камсыздоого тийиш.
Аныкталган көйгөйлөргө байланыштуу Акыйкатчы Институту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине тиешелүү чараларды көрүү боюнча суроо-талап жөнөттү.
Атап айтканда, балдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун берилбей жаткан себептерин аныктоо жана маселени чечүү, ошондой эле 18 жаштан жогорку 24 баланы чоңдордун социалдык стационарына которуу маселесин кароо сунушталды.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институту тарабынан 2026-жылдын биринчи алты айында өлкө аймагындагы психоневрологиялык стационардык мекемелерге жалпысынан 52 мониторинг жүргүзүлгөн.