www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Бишкекте токтоп турган көп кабаттуу имараттын үстүнө чыккан өспүрүмдөр боюнча маалымат берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментине Байтик Баатыр көчөсү, 64 дарегинде жайгашкан курулуш объектисине өспүрүмдөрдүн кирип алгандыгы тартылган видео келген.

Аталган имараттын курулушу «Мастер Групп» ЖЧКсы тарабынан башталып, 2014-жылы токтотулган.

Учурда объект бүтпөй, консервацияланган абалда турат жана көйгөйлүү курулуш объектилеринин тизмесине киргизилген.

Маалыматка караганда, курулуш иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, объект кароосуз калган. Аймак тосулганына карабастан, туруктуу кайтаруу кызматы уюштурулган эмес.

Министрлик ата-энелерди балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырып, кароосуз калган курулуштарга жана кооптуу аймактарга баруунун кесепеттери тууралуу балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости