www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы Мээрим Узакбаева ачкачылык жарыялады деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.
«Тергөө абагындагы жаран мекеменин администрациясына ачкачылык жарыялоо боюнча расмий кайрылган эмес. Учурда ал тамак ичип жатат», - деп айтылат расмий маалыматта.
Белгилей кетсек, 11-июнда жактоочу Акынбек Ногоев камактагы Узакбаева ачкачылык жарыялаганын билдирген.
Адвокаттын айтымында, Узакбаева 1992-1993-жылдары мүлк жана жерлерди мыйзамсыз менчиктештирген деп айыпталууда. Адвокат ал учурда Узакбаева 10 жашта гана болгонун кошумчалады.
Бүгүн, 11-июнда «75чилердин каты» боюнча соттук отурумда Узакбаеванын атасы Эмилбек Узакбаевдин абалы начарлап, тез жардам кызматы чакырылган.