www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский алдыдагы кыш өлкө үчүн эң оор мезгилдердин бири болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 27-июлда Sky News телеканалына берген маегинде айтты.
Мамлекет башчысынын айтымында, украиналыктар суук мезгилдеги олуттуу сыноолорго азыртан даяр болушу зарыл.
«Эң оболу биз абдан оор кышка даярданышыбыз керек. Анын кандай болорун эч ким алдын ала айта албайт. Балким оор, балким андан да оор болушу мүмкүн. Бул биздин өнөктөштөргө да, өзүбүзгө да байланыштуу», - деди Зеленский.
Президент бул билдирүүсүн «Нафтогаз» компаниясынын мурдагы жетекчиси Сергей Корецкийдин премьер-министр кызматына дайындалышы менен байланыштырды.
Анын айтымында, Украинага алдыдагы кыйынчылыктарды жакшы түшүнгөн жана энергетикалык коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурган өкмөт башчысы керек.