www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Польшага иш сапары менен барды. Бул анын Киев менен Варшаванын ортосунда акыркы убакта чыңалган мамилелерден кийинки алгачкы сапары болуп саналат.
Маалыматтарга караганда, Зеленский Польшанын Люблин шаарында премьер-министр Дональд Туск менен жолугушат. Жолугушуунун негизги темасы АКШга болгон акыркы сапардын жыйынтыктары, анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп менен өткөн сүйлөшүүлөр болмокчу.
Акыркы айларда Польша менен Украинанын ортосундагы мамиле тарыхый маселелерге байланыштуу кескин начарлаган. Польша президенти Кароль Навроцкий украин армиясынын бөлүктөрүнүн бирине «УПАнын баатырлары» деген ат берилгенине байланыштуу Владимир Зеленскийди өлкөнүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы болгон «Ак Бүркүт» орденинен ажыраткан.
Буга жооп катары Украинанын мурдагы президенттери Леонид Кучма, Виктор Ющенко жана Пётр Порошенко Польшанын мамлекеттик сыйлыктарынан баш тартышкан.