www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдөн дагы 2500 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдө кезектеги экологиялык рейддин алкагында көлдөн 2500 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаралар 19-майда Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун аймагында жүргүзүлгөн.

Экологиялык көзөмөл кызматы жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого жана Ысык-Көлдүн жаратылышына аяр мамиле жасоого чакырат.

Экотехкөзөмөл кызматы жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл түбүнөн жалпы 26 700 метр синтетикалык тор жана 790 кг таштанды чыгарды.

Последние новости